Кечээ, 12-мартта Ош шаарынын Гапар Айтиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жол тескөөчү Бексултан Ташкулов менен журналист Жылдыз Бекбаеванын ортосунда жаңжал чыккан.
Окуядан кийин инспектор Бексултан Ташкулов милицияга арыз жазганын кабарлаган.
“Саат 11лерде “БМВ” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу тыюу салынган жерге унаасын токтотуп койгондуктан мен барып унаасын алып коюусун эскертип, документтерин көрсөтүүсүн талап кылдым. Бирок ал кызынын концертине шашып жатканын айтты. Машинаны токтотууга аракет кылган мени эки метрдей сүйрөп барды, мен коопсуздук үчүн капотко секирдим, болбой эле 5-6 мертдей дагы айдады. Андан кийин ал машинадан чыгып жакалап, денемди тытып салды, мен анын үстүнөн арыз жаздым”,- дейт ал өз сөзүндө.
Жол тескөөчү Бексултан Ташкулов журналист менен кайрадан байланышып, өз ара сүйлөшүүлөрдөн кийин тосмо арыз жазганын билдирди.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/801498653693997/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ