Бүгүн, 13-март күнү Германиядан келген Казакстандын эки жаранында коронавирус табылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ММКлары жазып чыкты.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус менен үч ай аралыгында күрөшүп, илдеттин өлкө аймагына келтирбөө үчүн бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айткан.
Анын айтымында, Германиядан келген эки казакстандык жарандан коронавируска анализ алынып, жыйынтыгы оң болгон.
“Алар Алматыдагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Учурда жарандарда коронавирустун клиникалык белгилери жок. Өздөрүн жакшы сезишүүдө. Бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат” – деген министр.
Белгилей кетсек, 11-март күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы типтеги коронавирусту “пандемия” деп жарыялаган.
Эсиңиздерге сала кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – COVID-19 экени аныкталган. Учурда коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда. Ал эми Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча коронавирус илдети менен ооругандар катталган жок,
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ