Menu

Видео – Азык-түлүктүн баасын жогорулаткан ишкерлерге карата кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан азык-түлүктүн баасын кымбаттаткан ишкерлерге карата кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Акыркы кырдаалга байланыштуу азык-түлүккө болгон талаптар көп болгондуктан кээ бир базарларда жана дүкөндөрдө баалар көтөрүлүп жатат. Мындан улам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан атайын жумушчу топтор түзүлүп, азык-түлүктүн баасы кымбаттап жаткан жерге, эл көп чогулган базарларга, дүкөндөргө күнү-түнү барып турушат.

Бир нече сутканын ичинде КРнын Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө) боюнча азык-түлүктүн баасын көтөрүп, андан пайда табууну каалаган ишкерлерге карата кылмыш иштери козголгон.

Кечээ, күндүн экинчи жарымында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Көлмө” жаңы конушуна барышып, атайын 100 миң сомго соода кылышкан. Буга чейин 1200-1500 сомдон сатылып келген бир кап унду 1800 сомго сатып алышкан.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Эгерде сиздер, азык-түлүктүн кымбатташына күбө болсоңуз же маалыматтар болсо, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Манас пр. 101/1 дареги боюнча, же 0312 323 091, 323 707 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: