Menu

ИИМ: Республика боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

Бөлүшүү:
Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-март күнү билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери Короновирус келгендиги, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматты “Instagram” социалдык тармагы аркылуу тараткан аял кишинин өздүгүн такташып, ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу болуп чыккан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.
ИИМ жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат. Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат.
Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар КРнын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. КРнын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: