Menu

Элмурза Сатыбалдиев, экс-генпрокурор: “Жоопкерчиликтен качпай, сыноону сыймыктануу менен жеңе билели”

Бөлүшүү:

Алдыда 7-апрель окуясына 8 жыл болгонун утурлай революция каармандарын кезеги менен кепке тартуудабыз. Генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиев 2010-жылдын 7-апрель кандуу окуяларында президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси кызматында туруп, андагы камалган оппозиция өкүлдөрү менен бийлик башчыларына ортомчулукту аркалаганын ошол учурдун негизги каармандары бир ооздон белгилешүүдө. Биз мындай шартта Элмурза акенин кебине да кызыгып көрдүк.

— Элмурза Ракиевич, 2010-жылдын 7-апрелинде Жаныш Бакиев элди ит аткандай аттырып жатканда, бийликтен жалгыз сиз камалган оппозиция мүчөлөрүн чыгартып, алар менен Данияр Үсөновду жолуктурган турбайсызбы, ошондой кадамыңызды 5-6-апрелде кылсаңыз болот беле?

— 2010-жылдагы 7-апрель каргашалуу окуясы боюнча алты ай сабатсыз жана бир тараптуу тергөө жүрдү. Андан барып беш жарым жыл сабатсыз жана фемиданын тарыхында болуп көрбөгөндөй мыйзам бузулуулар менен коштогон сот отурумдары болду. Жыйынтыгында, биринин аркасынан бири мыйзамсыз сот өкүмү чыгарылды жана ошол мыйзамсыз өкүм аткарылды. Ошондуктан, “кимди ким атты, кимди ким аттырды?” деген суроо ачык калды. Мен ойлойм, бул нерсеге тарых өз баасын берет. Туура, ал күнү мен ошондой иш-чараларды аткардым. Андай кадамды өзүң сурагандай, менде маалымат же ыйгарым укук болсо 5-6-апрель күндөрү деле кылсам болмок.

— 7-апрель окуясы боюнча Жаныш Бакиев, Максим Бакиев, Данияр Үсөнов сындуу кыргызга кетпес кегиндей иш кылышкан чыныгы күнөөкөрлөр эмес, сиз сыяктуу моралдык жоопкерчиликти сезгендер гана жазаларын өтөп чыгышына кандай пикирдесиз?

— Мен айтып жатпаймынбы, кимдин кандай деңгээлде бул иш боюнча күнөөсү бар экенин биздин “адилеттүү сот” аныктаган жок жана аныктагысы да келбеди. Ошондуктан, кетип калгандардын өзүнүн иши. Мен болсо ошол күндөгү моралдык жоопкерчилигим үчүн сабатсыз соттордун мага берген мыйзамсыз жазасын өтөп чыкканыма сыймыктанам жана мындан ары да сыймык менен айта алам. Себеби, мени чоңойткон, мени өстүргөн, мен сүйгөн мамлекетимди сыйлайм. Менин темир тор артында өтөгөн жазам жеке өзүм үчүн аябай зор өмүрлүк сабак жана тажрыйба болду. Алдыңа келип калган сыноодон жана жоопкерчиликтен эч качан качпаш керек. Тескерисинче, аны кабыл алыш парз. Ошондо гана мага окшоп сыноону сыймык менен жеңил жеңип чыгасың. Мага окшогон балдарын мамлекет ушундай тарбиялаган.

Автор: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: