Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 6 адамга жетти. Бул маалыматты бүгүн, 16-мартта аталган мамлекеттин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-мартта Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталган. Ал Франциядан учуп келген аялдан аныкталган. Андан көп өтпөй аялдын уулу менен кызынан дагы вирустун белгилери табылган.
Төртүнчү учур 15-мартта Стамбулдан учуп келген Өзбекстандык жарандан табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ