Кырнеттин орус тилдүү сегментинде Арстан Алайдын “Кытайга коронавирусту мен жөнөттүм, коронавирус Кыргызганга келбейт” деп айтканы учкул сөзгө айланып, тамаша-чыны аралаш талкууга түштү.
“Эгер Вирус бизди айланып өтсө мен “Зима не будет” агайды сыйлай баштайм. Денеме анын портретин тарттырып татуировка жасатам. Тишим тилиме күбө!” деп жазган Тем Колосов аттуу колдонуучу.
“Мен сол жамбашымды садага чаап татуировка жасатам. Тишим тилиме күбө” деп убада кылат Артур Цыганов.
“Мен ал үчүн күйөөмдү таштап, ага кетем, эгер Алай макул болсо” деп жазат Айгүл Сторожук.
“Мен хипстер болуп кетем”, “Мен күйөөмдүн мээсин чакканды токтотом”, “Мен жаңы тату жасатам”, “Мен вегетарианец экениме карабай эт жей баштайм” деген сыяктуу комментарийлер жазылууда.
Бүгүн, 16-мартка карата Кыргызстанда Арстан Алай убада кылгандай коронавирус жок. Ылайым эле айтканы чын чыгып Кыргызстанды коронавирус айланып өтүп кетсе экен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ