Menu

Бийликчил партияларды билип алдык

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов учурда узун сабак кеп болуп, дуулдап чыгып жаткан партиялардын бир тобун бийликчил партия экенин ачык эле айтты. Маалымат булактарын берип жаткан маектеринин биринде ал: “Мен шайлоого барам, бирок азырынча кайсы партия экенин айта албайм. Жакында билесиңер. Мен парламенттик шайлоого оппозициялык партия менен келем. “Ата-Мекенди” таштап, анан тиги бийликке бармак белем, оппозициялык партия менен келем. Бийликтин, президенттин партиялары – бул “Биримдик”, Матраимовдун партиясы “Мекеним Кыргызстан”, Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” партиясы, Жанар Акаев жетектеген КЛДП деле бийликтин партиясы, мен мына ушул 4 партия менен шайлоого барбайм”, – деп билдирди. Ал ортодо Жанар Акаев жетектеген КЛДП партиясы да билдирүү таратып чыкты: “Шыкмаматов “КЛДП – бийликтин тегерегиндеги партиялардын бири” деген өзүнүн жеке жоромолун билдирген жана оппозицияда эмес деп баалап, бул партияга кошулбайм деген оюн айткан. Ар бир саясатчы, коомдук ишмер же катардагы жаран болобу, өз оюн айтканга укугу бар. Ошол эле учурда биз коомдук ишмер Шыкмаматовду партиянын катарына чакырбаганыбызды белгилейбиз» – дейт ал билдирүүдө.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: