Казакстанда акыркы сутка ичинде дагы эки адамдан коронавирустун белгилери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Казакстан басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай вирус жуктуруп алгандар Алматыда катталган.
Бүгүнкү күндө аталган мамлекетте жалпы 35 адам коронавирус илдети менен жабыркашат. Алардан Алматыда 17 учур, Нур-Султанда 18 учур катталган.
Эскерте кетсек эртең, 19-мартта Алматыда жана Нур-Султанда карантин жүргүзүлөт. Өлкөдөн чыгууга жана өлкөгө киргенге тыю салынат.
Бүгүн Кыргызстанда алгачкы жолу үч адамдан коронавирустун белгилери табылды. Алардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы эркек кишилер. Алар Сузак районунун тургундары. Вирус жуктуруп алгандар баардыгы Кичи ажыга зыярат кылганы барып, кайтып келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ