Бүгүн, 9-июлга карата Кыргызстанда дагы 361 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 150, Чүй облусунан – 59, Ош шаарынан – 43, Ош облусунан – 28, Ысык-Көл облусунан – 17, Жалал-Абад облусунан – 25, Нарын облусунан – 18, Баткен облусунан – 20, Талас облусунан – 1 учур катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 8847ге жетти. Анын ичинде:
– Жалал-Абад облусунда — 526 адам;
– Ош облусунда — 614 адам;
– Ош шаарында — 921 адам;
– Бишкек шаарында— 3767 адам;
– Нарын облусунда — 604 адам;
– Чүй облусунда — 1604 адам,
– Баткен облусунда — 213 адам;
– Талас облусунда – 83 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 275 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 70 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 3043кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 25 адам; Чүй облусунан – 15 адам, Ош облусунан – 3, Ош шаарынан – 7, Нарын облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 4 адам, Баткен облусунан – 10 адам, Ысык-Көл облусунан – 1 адам.
Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 77 жаштагы эркек киши, Жайыл аймактык ооруканасынан – 62 жаштагы аял, 55 жаштагы эркек киши, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 68 жаштагы эркек киши ооруну жеңе албай көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 116га жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ