Учурда Кыргызстандын элчилери, консулдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын директорунун орун басары Муса Көчөрбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, ТИМ алар менен тыгыз байланышта болуп, иш алып барып жатышат.
“Барддыгынан кабардар болуш үчүн консулдук каттоого турууну каалаган жарандардын саны көбөйүүдө. Биздин көп жарандар Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүү үчүн көп акча каражат, аракетин жумшаганын эске алыш керек. Чынын айтканда, ал жакка баргандан кийин калууга аракет жасашат” – деди Муса Көчөрбаев.
Ал чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан сурамжылоо жүргүзүлгөндө, Кыргызстанга келүүнү каалагандар жарандар жокко эсе болгонун белгиледи.
“Азырынча жарандарыбыз чет өлкөлөрдө калууну каалап жатышат. Эми бул кырдаал ар күнү алмашып жатат. Ар кандай ойлор, каалоолор болот” – деп кошумчалады.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ