Menu

Күйүүчү май көйгөйү

Бөлүшүү:

Депутат Мирлан Жээнчороев «Казакстан менен күйүүчү-майлоочу май боюнча сүйлөшө албасаңар, анда акциз салыгын убактылуу токтото туруу керек», – деди депутат өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго өкмөттүн отчету учурунда.

«1 млн 200 миң тоннанын ичинен контрабанда 360 миң тоннаны түзөт. 2015-жылы салык кызматы контрабанда 225 тонна деп айткан. Бизге күйүүчү-майлоочу майлар мыйзамдуу келбейт, баары контрабанда менен. Мындан канча салык алынат эле. Эгерде Казакстан менен сүйлөшө албасаңыздар, анда акциз салыгын убактылуу токтото туруу керек.

Экинчиден—Казаксган күйүүчү-майлоочу майды өзү экспорттойт. Ал жакта да Газпром иштейт, бул жакта дагы. Ал эми баа айырмасы—12 сом» деди депутат Жээнчороев.

«Төрт негизги нефтетрейдер бар болсо, алардын үчөө бир офистен башкарылат, жасалма түрдө эле үчкө бөлүнүп коюлган, 50 май куюучу жай өзүнчө компания деп бөлүнүп кетти. Эмнеге? Анткени алар Монополияга каршы агенттиктен жана мамлекеттен бөлүнүп кетиш үчүн. Ал жакта брокерден чек арачыга чейин контрабандачы» деди депутат.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: