Сауд Арабияга кичи ажылыкка барган адамдар Бишкектеги “Манас” аэропортуна учуп келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укукуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Анын айтымында, умрадан келе жаткан 51 адам “Манас” аэропортуна келген. Келгендердин аты-жөнү берилген.
“Албетте, учакта мындан дагы көп жүргүнчү болгон. Бирок биз өзүбүздүн облус үчүн жооп беребиз. Кичи ажылыктан келгендер жашаган районуна жараша, аймактык ооруканаларга жаткырылды. Алардын көбү Сузак районунун тургунан болуп, №36 лицейге жайгаштырылды” – деди губернатор.
Муну менен катар ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, умрадан келгендер “ажы той” бербесе дагы, туугандары, кошуналары, тааныштары аларды куттуктоо үчүн келишерин айтып, жалпысынан 1 122 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ