Menu

“Лимонти” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун тууганы $350 000 бааланган пансионатты басып алган

Бөлүшүү:

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

КР УКМК тарабынан өткөрүлгөн материалдар боюнча ИИМдин тергөө кызматы 1973-жылкы Бишкек шаарынын тургунуна карата КР кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган жаран ИИМдин оперативдик каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары турат.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын маалыматына караганда, 2018-жылдын күзүндө укук коргоо органдарына Бишкектин тургуну арыз менен кайрылган. Анда доогер С. М аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Маалыматка караганда, С.М ишеним менен аша чаап, алдамчылык жана коркутуу аркылуу доогердин мүлкүн – жалпы аянты 6 280 чаарчы метрди түзгөн Ысык-Көлдөгү пансионатын тартып алган. Пансионаттын баасы $350 000 түзгөн.

Текшерүүнүн натыйжасында мурун жабырлануучу менен С.М.дин ортосунда бизнес алып барууга багытталган мамилелери болгону аныкталган. 2010-жылдын жайында доогер С.М дан бизнести айлантууга жалпы баасы $60 000 түзгөн бир нече автоунаа жана акчалай каражаттарын алган.

“Эки жылдан кийин С.М акча каражаттарын кайтарууну талап кыла баштаган, ага байланыштуу ишкер кепилдик катары Ысык-Көлдө жайгашкан пансионаттын генералдык ишеним катын берген. Кийин С.М. материалдык пайда көрүү максатында аталган мүлктү тууганына каттатып берген” – деп айтылат маалыматта.

2016-жылы ишкер карыздан кутулуу үчүн С.М га $125 000 бааланган аянты 168 чаарчы метрди түзгөн батирин берген. Бирок С.М. ишкерди чоң суммадагы каражатка алдаган. Карызды батир аркылуу кайтарып алгандан кийин, аны үчүнчү жактарга сатып жиберген, кийин 2018-жылы келишимге  каршы, уруксаты жок пансионатты үчүнчү жактар аркылуу иштеткен. Жасаган аракеттери менен ал ишкерди $350 000 зыянга учураткан.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын 3-башкармалыгы жүргүзгөн чаралардын натыйжасында шектүү кармалган. Кармоо убагында ал баасы $100 000 бааланган 2018-жылкы Lexus LX 570 унаасын айдап жүргөн.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, кармалган С.М. буга чейин КР кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси боюнча соттолгон, криминалдык чөйрөдө “төбөлдүн” статусуна ээ, ал оор кылмыш үчүн 30 жылга соттолгон “Лимонти” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун жакын тууганы болгон.

Азыркы учурда ИИМдин УКККК КР УКМК менен биргеликте тергөө-оперативдик иштерин жүргүзүп жатат, кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси барбы, жокпу, текшерилүүдө.

Булак:KyrgyzToday     

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: