Токмокто мас айдоочу тигүү цехинин терезесине кирип кетти. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-июлда эртең мененки саат 06:00до болгон. “Фольксваген Пассаттын отуз алты жаштагы мас айдоочусу алгач тигүү цехинин тосмосуна кулап, андан кийин имараттын терезесине кирип кетти. Тигүү цехи өзү подвалда жайгашкан. Укук бузуучу катталды. Машинаны унаа токтотуучу жайга алып барышты”, – деп билдиришти департаменттен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ