Menu

Онлайн-депутат Аида Касымалиева учурдагы кырдаал боюнча 7 сунушун айтты

Бөлүшүү:

Коронавирус чыккан Германиядан 13-мартта учуп келгенине байланыштуу үй карантинине алынган Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коронавирус илдетине байланыштуу өлкөдө болуп жаткан кырдаал тууралуу өзүнүн сунуштарын айтты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына бүгүн, 18-мартта жазып чыккан:

Урматтуу мекендештер, менден түзүлгөн кырдаал боюнча сунуштар:

1. Штабдын брифингин саат сайын өткөрүү зарыл, буга чейин да штаб жакшы маалымат берип жатты, бирок мындан да күчөтүү керек. Ар бир саат сайын брифинг уюштурулбаса, кымгуут жаралып, ар кандай туура эмес маалыматка жетеленгендер абдан көп, айрыкча айылдарда. Бардык телеканалдардан саат сайын ал брифингди жана изоляция, гигиена тууралуу маалымат берилиши керек.

2. Бизнес учүн кредиттик жеңилдиктер, салык каникулдары, ижара темасы талкууланып бүтсө, бүгүн-эртең так чечимдерди жарыялап коюш керек. Жана жеңилдиктер сөзсүз каралышы керек.

3. Мугалимдер жумушка 9га барып, баары чогулуп алып отурушат мектептерде. Эмнеге жөн эле кыйнаганды жакшы көрөбүз? Мугалимдер да төлөнгөн отпускка кетип, жасалчу жумушту дистанциялык форматта жасоо керек.

4. Жогорку окуу жайлар тез арада программаларын дистанттык окууга ыңгайлаштырышы зарыл. Эгерде окуу жайлар камсыздай албаса (бирок камсыздашы керек), анда контракт окуган күндөргө эле төлөнүшү зарыл.

5. Кыргызстанда жүргөн бардык чет өлкөлүктөрдүн визасы 10-апрелге чейин автоматтык түрдө узартылышы зарыл. Кийин бир баш-аламан, кошумча иш жарата турган көйгойлөрдү алдын алып коюш зарыл.

6. Тигүүчү цехтерде адамдар абдан көп иштейт, алардын абалын текшерген бир да сюжет же жаңылык көргөн жокмун. Көбүнчө жабык жер, баары чогуу отурган жерлер- тигүүчү цехтер. Бирок аларды жөн эле жаап койбостон, ал жерге да жеңилдиктер керек. Миңдеген жарандарыбыз ошол цехтерден балдарын багып келе жатышат.

6. Бардык маанилүү чечимдер бүгүн – эртең парламент аркылуу өтүп, иштеп кетиши өтө маанилүү. Коңшу өлкөлөрдүн парламенти онлайн иштеп жатыптыр (Өзбекстан), телеграм канал аркылуу эле талкуулап жана добуш берип. Бул мүмкүнчүлүктү да карап, даярданып коюш ашыкча болбойт.

7. Билим берүү министрлиги КТРК, ЭлТр менен жана башка каналдар аркылуу онлайн сабактарды теледен бериши зарыл. “Баластан” бар да бизде. Билим берүүгө тиешелүү бардык онлайн-ресурстар толук кандуу иштеши зарыл.

“Кандай ойлор, көйгөйлөр, сунуштар болсо, кабарлашып туруңуздар. Сиздердин онлайн-депутатыңар Аида Касымалиева” – деп жазган үйүнөн вице-спикер Аида Касымалиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: