Menu

БШК шайлоонун жыйынтыгын аныктады

Бөлүшүү:

2017-жылдын 30-октябрында КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” протоколго кол коюп, бекитишти. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Ага ылайык:

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны– 3 014 434 шайлоочу.

2. 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүгө  1 697 868 шайлоочу катышып, ал тизмеге киргизилген шайлоочулардын 56,32 %ын  түздү.

3.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыкович  1 554 добуш алды, бул шайлоого  катышкан шайлоочулардын 0,09 %ын түздү .

4.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер   Уметалиева Токтайым  Джумаковна 1 473 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын  0,09 %ын түздү.

5. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Сариев Темир Аргембаевич 43 311 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 2,55 %ын түздү.

6. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Кочкоров Улукбек Тойчубаевич  8 498 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,50 %ын түздү.

7. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Масадыков Таалатбек Шамудинович  10 803 добуш алды, бул шайлолого катышкан шайлоочулардын  0,64 %ын түздү.

8. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Бабанов Өмүрбек Токтогулович  568665 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 33,49 %ын түздү.

9. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич  2 015 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын  0,12 %ын түздү.

10.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Бекназаров Азимбек Анаркулович 2 743 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,16 %ын түзөт.

11.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Жээнбеков Сооронбай Шарипович  920620 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын  54,22 %ын түздү, башкача айтканда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун алды.

12.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Мадумаров  Адахан Кимсанбаевич  110 284 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 6,57 %ын түзөт.

13.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Малиев  Арсланбек  Касымакунович  1 621 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,10 %ын түздү.

14.”Бардыгына каршы” 12 371 шайлоочу добуш берген, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,73 %ын түзөт.

Кыргыз  Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда  айрым шайлоо участкаларындагы добуштардын санынын жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгы  эске алынды.

Ошентип, Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ошого ылайык шайлоо өттү деп табылды.

Шайлоого катышкандардын  54,22%, башкача айтканда шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун  алган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жээнбеков  Сооронбай  Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды.

КР БШК Токтому менен  Жээнбеков  Сооронбай  Шариповичти Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоо аныкталды.

Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкен учурда  Кыргыз Республикасынын Президентине шайлангандыгы жөнүндө күбөлүк, айырмалоо белгилерин-Президенттин төш белгисин жана Штандарт (желек) тапшыруу белгиленди.

Протоколго КР БШК мүчөлөрү Н.Шайлдабекова, А.Бекматов, А.Асаналиев, Б.Кадыров, К.Осмоналиев, Н.Арипов, А.Эшимов, Г.Баатырова, А.Сатыгулов “макул” деп кол койду; “каршы” болуп жана өзгөчө пикири менен  А.Абдрахматова кол койду.

КР БШК мүчөсү   Г. Джурабаева жыйынга катышкан жок, өзгөчө ой пикири менен, “каршы” добушун жазуу жүзүндө берип жиберген.

КР БШК мүчөсү  Е. Джилкичиева белгисиз себептер менен жыйынга катышкан жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: