Menu

Талапкерлер ортосунда бекер эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясында бекер эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак  2 телекөрсөрсөтүү, 1 радиоканал жана республикалык 2 гезит боюнча  өткөрүлдү. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Чүчү кулак өткөрүүгө талапкерлердин өкүлдөрү, ЖМКлар жана көз каранды эмес байкоочулар катышты.

Анын жыйынтыгы менен “Коомдук биринчи телеканалда”, “ЭЛТР” жана “Биринчи радиодо”  талапкерлердин үгүт материалдарынын жана талапкерлер ортосунда дебаттардын эфирге чыгышынын мөөнөттөрү аныкталды, ошондой эле  “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” басылмаларында үгүт материалдарынын жарык көрө турган күндөрү белгиленди.

Шайлоо алдындагы үгүт 10-сентябрда башталып, 2017-жылдын 14-октябрында аяктайт. Мыйзам боюнча добуш берүү күнү үгүт иштерине тыюуу салынат.

(Тиркеме)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: