Menu

ОшМУда окуган индиялык студент эмнеден каза тапкан?

Бөлүшүү:

ОшМУнун кокусунан каза тапкан студентине соттук медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы чыгарылды. Ошентип, жума башында Ош шаардык клиникалык ооруканасында каза тапкан чет өлкөлүк жаран Сураб Тиравинин (Sourabh Tiwari) сөөгү кечээ, учак менен Мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу ОшМунун Өнүктүрүү жана Эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев билдирди.

 – Маркум Сураб Тирави (Sourabh Tiwari) ОшМУун эл аралык медицина факультетинин 6-курсунда окуп жаткан. 22-февралда катуу ооруп, Ош шаардык клиникалык ооруканасына кайрылган экен. Ага дароо операция жасалган. Баса, четөлкөлүк жаран панкреатит дарты менен жабыркачу экен. Ал илдети оорлошуп кеткенде гана ооруканага аргасыздан кайрылгандыктан, өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок! 23-февраль күнү каза тапты. Сөөгү дароо аталган ооорукананын өлүкканасына жеткирилип, соттук медициналык экспертиза дагы дайындалды. Ушул тапта анын өлүмүнүн чыныгы себептери тастыкталды. Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Кыргызстандын Бажы кызматынын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен  маркумдун документтерин бүт белендеп жатабыз,- деп кошучалады ОшМунун Өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев.

ОшМунун проректору маркумдун сөөгү кечээ, 25-февралда Бишкек шаарына учак аркылуу жөнөтүлүп, андан ары өзү туулуп-өскөн мекени Индиянын Дели шаарына жиберилгенин кошумчалады.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыстанда 13 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер окушат. Булардын арасында коңшу өлкөлөрдөн баштап алыскы Африкадан келгендер дагы бар.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: