Menu

Гүлнара Жамгырчиева кайрадан Акыйкатчынын орун басары болуп шайланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында Жамгырчиева Гүлнара Оморовна депутаттардын басымдуу добушу менен кайрадан Кыргыз Республикасынын акыкатчысынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Ал 2015-жылдан бери ушул кызмат ордунда иштеп келет.

Жогорку кеңештин Төрагасы Дастанбек Бекешев жалпы депутаттардын атынан Гүлнара Жамгырчиеваны эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Гүлнара Жамгырчиева 57 жашта. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун Гидротехника факультетин инженер-гидротехник адистиги боюнча бүтүргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: