Menu

Эртең умрадан дагы 100дөн ашык адам келет. Алар сөзсүз карантинге алынат

Бөлүшүү:

Эртең Кыргызстанга кичи ажылыкка кеткен дагы 100дөн ашык адам келет. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөттүн брифингинде билдирди.

Министрдин орун басары журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кичи ажыдан келе турган адамдардын бардыгын оорулуу деп айтуу туура эместигин айтты.

“Эртең 100 киши, анын эртеси 200 адам келет…  Муну “коркунучтуу” деп айта албайбыз, эгерде 100 адам тең ооруга чалдыккан болсо, анда коркунучтуу деп айтсак болот” – деди.

Ал умрадан келген адамдардан анализдер алынып, сөзсүз түрдө карантинге алынарын кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: