Menu

Кубатбек Боронов: “Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна даярданышы керек”

Бөлүшүү:

Коронавирустук инфекциянын биринчи толкуну, бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстанда да аягына чыга элек, бирок күзүндө боло турган экинчи толкунга даярдануу мезгили келди. Бул тууралуу кечээ, 7-июлда өкмөттүк онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб дүйнөлүк эпидемиологдордун эскертүүлөрүнө кулак кагып, COVID-19дун экинчи толкунуна каршы туруу планын даярдоого киришти.

Ошол эле учурда, өкмөт башчы Кыргызстандын бийлиги коронавирус менен ооруган адамдардын кескин көбөйүшүн азайтууга аракет кылып, катаал чектөөлөрдү кайра киргизе албай тургандыгын белгиледи.

“Экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келе турган катуу чектөөлөрдү кайрадан киргизе албайбыз. Анткени коронавирустун экинчи толкуну келгенде, экономиканы рецессияга алып келет” – деди Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: