Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Р.Рысбаев Ноокат районунда жүрөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Ош облусунун Ноокат районунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерди координациялоо үчүн жеринде жүрөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, Ноокат райондук администрациясынын башчысы–райондогу жарандык коргоо башчысынын буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ