Кечээ, 20-мартта Түркиянын аймагында жаңы таажывирус дартынан дагы 5 адам көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн журналисттери жазып чыгышты.
Өлкөдө бул дарттан жалпы 9 адам каза болду.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри социалдык түйүндөгү баракчасына: «Иммунитети жакшы эмес 5 карыябыздан айрылдык», – деп жазган. Анын айтымында, Акыркы сутка ичинде эле 311 адам вирусту жуктуруп алышкан. Жалпы бейтаптардын саны 670ке жетти.
Президент Режеп Тайип Эрдоган жарандарды көчөгө чыкпоого чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ