Menu

Казакстанда Тышкы чалгындын жаңы башчысы болуп Исатай Сартаев дайындалды

Бөлүшүү:

Казакстандын “Сырбар” деп аталган Тышкы чалгын кызматынын жаңы башчысы болуп Исатай Сартаев дайындалды. Ал буга чейин ушул эле мекемеде директордун орун басары болгон.

Президент Нурсултан Назарбаевдин тиешелүү буйругу бүгүн Акордонун сайтында жарыяланды.

“Сырбардын” мурдагы башчысы Габит Байжанов 19-сентябрда президенттин жардамчылыгына – Коопсуздук кеңештин катчылыгына дайындалган.

Казакстанда Тышкы чалгын кызматы 2009-жылы түзүлгөн. “Сырбар” – Казакстандын президентине тикелей баш ийген мамлекеттик орган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: