Бүгүн, 21-мартта Баткендин Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургунунан таажывирус аныкталган. Ошондой эле жаңы очок Сузак районунан (5 адам) дагы чыккан.
“Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди” – деп айтылат маалыматта.
Акимдин буйругуна ылайык, аталган айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.
Учурда Кыргызстанда ооругандардын жалпы саны – 12 адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ