Бүгүн, 21-мартта Каракол шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Мындай чечимди Каракол шаарындагы коронавирусту алдын алуу боюнча штаб чыгарган. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаттан билдиришти.
Чыгарылган чечимге ылайык:
– Каракол шаарынын ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;
– «Макиш» базарындагы азык-түлүк саткан жайлардан тышкары бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;
– 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19:00гө чейин кыскартылсын жана 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылсын.
Бүгүн, 21-мартта өлкөдө таажывирус илдетин дагы 6 адам жуктурганы аныкталган. Жалпы вирус менен жабыркагандардын саны 12 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ