Таажывируска чалдыккан 53-жаран Стамбулдан Бишкекке учуп келип, анан Алматы облусуна келген. Бул тууралу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирет.
Анын айтымында 1986-жылы туулган эркек жаран 17-мартта Стамбулдан Бишкекке учуп келип, 18-мартта Казакстанга кирген.
“Азыр ал оорукангага жаткырылды”, – деп тастыктаган Диас Ахметшарип.
Эсиңиздерге сала кетсек, таажывируска чалдыккан 53-жарандын аныкталганын казак бийликтери бүгүн, 21-мартта расмий билдиришти. Ал Алматы облусунун Кара-Сай районунда жашай тургандыгы такталды.
Бүгүн, 21-мартка карата Нур-Султан шаарында 28 адам, Алматыда 22 адам, Карагандыда 2 адам, жалпысынан 53 адам таажывирусунан дарыланышууда.
Нур-Султандагы бейтаптардын бири 4 айлык гана бала.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ