Menu

ЖЭБдеги коррупция боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими. Сапар Исаков 15 жылга, ал эми Айбек Калиев 14 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, Авазов, Назаров, Бримкуловго карата кылмыш иши боюнча акыркы соттук отурум болуп өттү. Отурум судья Ирина Воронцованын төрайымдыгы алдында өттү.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков  2019-жылдын декабрь айында райондук сот тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучу тарап аталган чечим боюнча апелляциялык арыз менен  жогорку инстанцияга – Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Судья кеңеш бөлмөсүнөн чыгып, айыпталуучулара карата чыккан чечимди окуп берди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагына 15 жылга кесилди. Муну менен бирге Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы “Манас” ордени жокко чыгарылды. Аны менен бирге мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт. Анын камактагы баш коргоо чарасы дагы өзгөрүлгөн жок.

“Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев КРнын Жазык кодексинин 59-беренесинин негизинде, 14 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазаны түзөтүү абагында күчөтүлгөн режимде өтөйт.

Судья чечимди окуп бүткөндөн кийин айыпталуучулар ким канча жылга кесилгенин түшүнбөй калышканын айтты. Судья Айбек Калиев мурда 15 жылга кесилсе, анын бир жылы кыскарып, 14 жылга эркинен ажыратылганын айтты. Ал эми калган айыпталуучулардын чечими өзгөрүүсүз бойдон калды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

2019-жылы 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин боюнча соттук отурум болуп, сот экс-премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев экөө 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: