Өзбекстанда таажывирус илдети менен ооруган жана карантинде жаткан адамдардын уюлдук телефондору, аудио, видеоаппараттары, банктык картасы жана башка маалымат ташуучу каражаттары убактылуу конфискацияланат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта аталган өлкөнүн журналисттери жазып чыгышты.
Азыркы учурда Өзбекстанда 46 адамдан таажывирус илдети менен жабыркап келет. Андан сырткары 12 миң 731 адам 14 күндүк карантинде жатат. Алардын 7 415и ооруканада жана 5 315и үй карантинине чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ