Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган жаңы 26 учурдун ичинен 14 киши Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келишкен. Ал эми калган 12 адам алар менен байланышта болгон. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бейтаптардын бардыгы тийиштүү медициналык жайларда дарыгерлердин кароосунда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-мартта Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган 26 жаӊы учур катталган.
Таажывирусту жуктуруп алган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:
Сузак районунан – 9 адам
Ала-Бука районунан – 2 адам
Ош шаарынан – 1 адам
Кара-Суу районунан – 8 адам
Ноокат районунан – 6 адам
Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 адам жана Жалал-Абад облусунда – 11 адам.
Учурда Кыргызстанда жалпы 42 адамда таажывирусу аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ