Menu

Видео – Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов элге кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Эртең, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул жарлык  Жогорку Кеңешке жиберилип, депутаттар кезексиз жыйынга келишип, таажывирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында Президент чыгарган жарлыкка байланыштуу токтомду кабыл алышты.

Аталган жарлыкка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалган.

Комендант Малик Нурдинов элге кайрылуу жасап, өлкөнүн кээ бир аймактарында таажывирус аныкталганын белгилеп, эртең, 25-мартта Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда атайын коменданттык саат киргизилип жатканын айтты.

“Коменданттык саат кечки саат 20:00дөн эрте мененки саат 7:00гө чейин уланат. Туура түшүнүү менен мамиле кылып, мыйзамдарды толук сактоо шарт. Бул жерде ички иштер органдары, же аскер кызматкерлери, же медицина, же санэпидемстанциянын кызматкерлери күрөшө турган, жалгыз бизге коюлган илдет болгондо, биз жеңмекпиз. Муну качан жеңебиз? Качан гана ар бир жаран ден соолугун ойлоп, бизге, жалпы мамлекеттик органдарга жардам берип, эң алгач өзүнө жардам берип, үйдөн чыкпаса, биз ооруну жеңебиз. Үйдөн чыкпаңыздар. Өзүңүз таза болсоңуз, башка жактан жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Же болбосо, көп адамдар чогулган жерге барып инфекцияны жуктуруп алышыңыздар мүмкүн. Ошондуктан тартипти сактап, тазалыкты камсыздасак, жакын арада бул илдеттен арылабыз деген чоң үмүт бар” – деп айтты кайрылуусунда Малик Нурдинов.

Ал ошондой эле, коменданттык саатты бузган жарандар КРнын Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) негизинде жоопкерчиликке тартыларын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: