Кечээ, 25-март күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан “Мадина”, “Аламедин”, “Орто-Сай” жана “Ош” базарларында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаранын алдында дезинфекциялоочу аймактагы жарандарга атайын катуу үн чыгаруучу жабдык менен коопсуз жайга турууну, тиешелүү түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындай аракеттер өлкөнүн бардык регионунда жүргүзүлүүдө, ага ӨКМдин өздүк курамы жана өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Жалпысынан 1 846 818 м2 аймак дезинфекцияланды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ