Бишкек шаарынын коменданты полковник, Алмазбек Орозалиев орун басарларын дайындады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин колбашчысы полковник Карасартов Алмазбек Оганович – КР мыйзамына ылайык Бишкек ш. аймагында бөлүштүрүлгөн аскер бөлүктөрүнүн кызматташуусун жана колдонууну уюштуруу боюнча;
Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмильбекович – социалдык-экономикалык маселелер боюнча;
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович – коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча;
УКМКнын Бишкек шаар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Дүйшекеев Нурлан Мурзабекович – конституциялык түзүмгө, суверенитетке укукка каршы кол салууларды жоюу жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча.
Бишкек комендатурасынын жетекчилигинин чечимдерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында ишке ашырууну жана көзөмөлдөөнү камсыздоо максатында комендатуранын алдында ыкчам штаб жана катчылык түзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ