Бүгүн, 26-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөттөгү брифингде өзгөчө кырдаал киргизилген учурда уруксаат берилген дүкөн, дарыкана ж.б. тейлөөнү кантип уюштуруу керектигин айтты.
“Тейлөө имаратында 5 квадрат метрде 1 адамдан көп болбошу керек. Мисалы, азык-түлүк дүкөнү болсо, соода аянты 100 чарчы метр болсо, бир убакта 20дан ашык киши болбошу керек. Муну дүкөндүн ээси же башкаруучусу өзү көзөмөлдөп туруусу шарт. Бул эрежелердин сакталышына тейлөө имаратынын директору, ээси жооптуу болот” – деди Эркин Асрандиев.
Ал ошондой эле, тейлөө тармактарында кезек болуп калса, адамдардын арасы 1,5 метрден кем эмес болушу керектигин белгиледи. Жарандар дагы аталган эрежелердин сактоого аракет кылышы керектигин айтты.
“Дүкөндө адамдар көп болсо, азайганча күтүп, андан кийин гана кириңиздер. Кезек түзүлүп калса, бири-бириңиздерден алыс турганга аракет кылыңыздар” – деп кошумчалады Эркин Асрандиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ