Menu

Таажывирус илдетине кабылгандардын арасында 5 бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат

Бөлүшүү:

Таажывирус илдетине кабылгандардын арасында 5 бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинен эки бейтаптын абалы оор, учурда жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын экөө Ноокат районунда, эки бейтап Ош облустук биргелишкен ооруканасында жана Жалал-Абадда бир адам жатат. Эки бейтаптын абалы оор делинип, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду”, – деди Мамбетов.

Учурда Кыргызстан боюнча илдетти жуктургандардын саны 116га жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: