Menu

Таажывирустун экинчи толкуну. Кытайда кайрадан карантин жарыялашты

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-апрелде Кытайдын Хэнань провинциясынын Цзя округунда COVID-19 таажывирус илдетинин бир нече жаңы учуру катталгандан кийин бул округга адамдардын кирүүсүнө жана кыймылына тыюу салынды.

Daily Mail маалымдагандай, үч жергиликтүү дарыгерлердин өздөрүндө оорунун симптомдору болбогонуна карабай таажывируска тапшырган тесттеринин жыйынтыгында алардан таажывирус табылды.

Бийлик 570 миңге жакын адам жашаган райондун кире бериши менен чыга бериш дарбазасын жаап, коомдук транспорттун жана таксилердин кыймылын токтоткон.

Мындан тышкары, жашоочулардын уруксат кагазы жок болсо, алар үйлөрүнөн эч жака чыга алышпйт. Жумушка да бара алышпайт.

Хенань Кытайдын эң популярдуу үчүнчү провинциясы. Анда 109 миллиондон ашык адам жашайт.

Эскерте кетсек, 29-мартта Кытай бийликтери өлкө ичинде таажывирустун жайылуусу токтогон деп билдиришкен.

30-мартта Кытайда COVID-19 таажывирус илдетин жуктургандар жана  каза болгондор катталган эмес.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: