25-апрелде өткөрүлө турган «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгын уюштуруу комитетинен билдиришти.
“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кризисинин оор күндөрүндө, “Ак Илбирс” кино академиясы пандемия менен күрөшүп жаткан бардык адамдар менен тилектештигин билдирет. “Ак Илбирс – 2020” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи коопсуз болгон учурда өткөрүлөт. Аземдин так датасы кийинчерээк жарыяланат. Салтанатка бардык даярдыктар планга ылайык жүргүзүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ