Кечээ, 6-апрель күнү Ош облусунда таажывирусун жакындарына жана кесиптештерине жуктурган бейтапка карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрель күнү Ош шаары Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
“Бир жаран өзүнүн ооруганын билип туруп, аны жашырып, тууган-туушкандары менен, теңтуштары менен байланышта болуп жүрө берген. Андан кийин ал өзү ооруй баштаганда, текшергенде таажывирусу аныкталыптыр. Ал менен чогуу иштеген кесиптештеринен дагы вирус аныкталып калды. Бүгүнкү күндө ал жаран изоляцияга жаткырылды, жакшы болуп чыгар менен камалат. Бул кылмыштын беренеси боюнча шектүү 5 жылга чейин камалат экен” – деп билдирди комендант.
Малик Нурдинов бейтап кайсы беренелер боюнча айыпталып жатканын айтуудан баш тартты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ