Menu

Казакстанда өзгөчө абал учурунда миңдеген киши айып пулга жыгылды

Бөлүшүү:

Казакстанда өзгөчө абал жарыялангандан бери 5130 киши административдик жоопкерчиликке тартылды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, алардын ичинен 2479 адамга айып пул салынды, 1626сы камалды.

Коронавируска байланыштуу жалган маалымат таратуу фактылары боюнча сотко чейинки 80 иш ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта жарыяланган, жума башында бул режим 1-майга чейин узартылган.

Буга чейин укук коргоо уюмдары адам укуктарынын абалы ансыз да начар өлкөлөрдө бийлик өзгөчө абалды пайдалануу менен адам укуктарын жана эркиндиктерин ого бетер бузушу ыктымал деп тынчсызданышкан.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму ушул жумада чөлкөмгө арналган баяндамасын жарыялап, Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө бийлик “ажыдаар тактикасын колдонуу менен адам укуктарына ири масштабдагы чабуул жасап жатканын” билдирди. Уюмдун пикиринде, аймакта жарыяланган өзгөчө чаралар адам укуктарын бузууга жагымдуу шарт түзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: