Улгайган ата-энелерге баруу үчүн, жарандар бир жолку уруксат кагазын ала алышат. Ал эми бир жолку уруксат кагазын онлайн алууга болот, алар 1-2 күн күчүндө болот. Ошондой эле жарандар маршруттук баракчаны жана документтерди алып, жакынкы азык-түлүк дүкөнүнө же базарга барса болот. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ