Menu

Жумгалда коронавирусту жуктуруп алган 10 адам ооруканада дарыланып жатат. Акыркы катталган адам дааватка кетип, Сокулук менен түштүктү кыдырып келген

Бөлүшүү:

Жумгал районунда коронавирусту жуктуруп алган 10 адам ооруканада дарыланып жатат, акыркы катталган учур дааватка кетип, Сокулук менен түштүк аймакты кыдырып келген

Учурда Нарын облусунун Жумгал районунда коронавирусту жуктуруп алган 10 адам аймактык ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жумгал районунун акими Адыл Сапаров журналисттерге билдирди.

Белгилүү болгондой, дарыланып жаткан 10 адамдын ичинен үчөө медициналык кызматкерлер. Ал эми калган 7 адам:  Индиядан дааваттан – 2, Россиядан – 1, Кадамжай шаарынан – 1, Кызыл-Кыя шаарынан – 1, Сокулук районунан – 2 келген.

Жумгал районунун акиминин айтуусу боюнча коронавируска чалдыккандардын абалы канаттандырарлык. Дарыгерлердин айтымында, ооруга чалдыккан жарандар оорунун жеңил формасынан өтүп жатышат.

Ал райондогу акыркы катталган учур тууралуу айтып, коронавирусу аныкталган адам обсервацияда жатканын билдирген. Ал тургун дааватка кетип, Сокулук районун жана өлкөнүн түштүк аймагын дагы кыдырып келген. Ал Жумгалга келери менен санитардык-карантиндик посттон дароо эле обсервацияга жаткырылган.

Акимдин айтуусу боюнча, райондо коронавирустун катталган жаңы учурлары обсервацияда жаткан адамдардын арасынан чыгып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Алардын ичинен 116сы медициналык кызматкерлер. Жалпы республика боюнча 114 жаран оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Тилекке каршы, 5 адам оорудан улам каза тапкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: