Menu

Видео – Баласын сабап жаткан атаны тасмага аялы тартып, арызданып атасына жөнөткөн, ал киши туугандарына жиберип, тарап кеткен

Бөлүшүү:

Өз баласын аёосуз сабаган кыргыз жаранынын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 17-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзүнүн баласына зомбулук көрсөткөн атанын видеотасмасы кечээ, 17-апрелде социалдык тармактар аркылуу тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Милиция кызматкерлери баласын сабаган адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Эмил аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал жаран 2019-жылдын октябрь айында үй-бүлөсү менен Россияга учуп кеткен, учурда Москва шаарында жашайт.

КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ж.Эмилдин убактылуу жашаган жерин издеп табышкан.

Такталгандай, окуя 16-апрелде саат 11:00дө болгон. Окуяны баланын апасы, 33 жаштагы Жазгүл Ж. аттуу жаран телефонундагы видеокамерага тарткан. Тартып жатканда “милицияга берем!” деп ачууланганы тасмадан угулуп турат. Бирок ал тартылган видеотасманы милицияга эмес, арызданып атасына жиберген, атасы туугандарына жөнөткөн. Кийинчерээк видеотасма социалдык тармактарга Эмил Ж. жазасыз калбаса экен деген максатта туугандары аркылуу тарап кеткен. Балдызы баланы коргоого аракет кылганда Эмил Ж. “ары тур!” деп жолотпой койгон. Ал эми баланын энеси 5 айлык кош бойлуу болгондуктан күйөөсүнө каршы турууга мүмкүн болбогон.

Аталган үй-бүлө үч баланы тарбиялашат. Зомбулук көргөн бала алардын ортончусу. Москвадагы мектептердин биринде окуйт.

Укук коргоо органдары баласын сабаган атанын иш-аракеттерине укуктук баа берүү максатында текшерүү жүргүзүп, полиция ата-энелерди жана окуя күбөлөрүн суракка алган. Ал эми баланын атасы кылган ишине өкүнгөнүн айтып элден кечирим сураган.

Коомчулук бул окуяны ар башка өңүттө кабыл алууда. Азчылык: “мындай таякты баарыбыз эле жеп чоңойгонбуз, муну видеого тартып элге чыгарбаш керек эле” десе, көпчүлүк: “зөөкүр ата жазасын алсын, видеотасмага тартылып элге жарыяланганы жакшы болду, антпесе “жабылуу аяк жабылуу бойдон калып” зөөкүр ата өзүнүн үй-бүлөлүк зомбулугун уланта бермек” деп видеотасманы тараткандарга алкыш айтууда.

Источник: KyrgyzToday.kg    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: