Menu

Жалал-Абадда шаар тургундарынын түнкү тынчтыгы текшерилди

Бөлүшүү:

 

“Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы спирттик ичимдиктерин сатуу режимин жана балдар ойноочу түнкү интернет-клубдардын ишинин тартибин текшеүү максатында атайын рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Алиева билдирди” – дейт мэриянын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, өткөрүлгөн рейдде шаар аймагындагы бир катар эс алуучу жайлардын иштөө тартибин текшерилип, спирттик ичимдиктерин уруксатсыз саткан дүкөндөр жана жашы жете элек балдардын түнкүсү интернет клубдарда жүрүшү текшерлиди. Ага шаардык ички иштер бөлүмүнүн, мэриянын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин, шаардык санитардык-эпидемиологиялыккызматтын жана аймактык башкаруулардын жетекчилеринен куралган топ катышты.

-Негизинен эс алуучу жайларда белгиленген убакыттан кийин музыкалар өчүрүлүшү керек. Ал эми дүкөндөрдө спирттик ичимдиктер жашы жете элек өспүрүмдөргө сатылбашы ылаазым. Биз ушул маселеге көңүл бурдук жана рейддин жүрүшүндө өспүрүм балдардын түнкүсүн интернет-клубдарда жүргөнү байкалды. Анын жыйынтыгында эс алуучу жайлардын ээлерине кетирилген кемчиликтери боюнча эскертүүлөр берилди. Шаар тургундарынын түнкү коопсуздугун, тынчтыгын сактоо багытында өткөрүлүүчү мындай рейддер дагы да улантылат дейт, – ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: