Menu

Түркиянын жаранынан Алмаз Атамбаевге кат:” Кыргызстанга инвесторлорду чакыргандын ордуна, кордой беришеби?”

Бөлүшүү:

Президентке кат!

Кыргызстанга инвесторлорду чакыргандын ордуна, кордой беришеби?

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевге

Кыргызстанда ишкер болгон Түркиянын жараны Алтан Жанберк Созерден кат

–Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев! Сизге  кайрылып жатканымдын себеби, мен Кыргызстанда ишкерлик менен алек болуп, бул мамлекетке баш-аягы 120 миң доллар салык төлөп жана эч кандай кылмыш жасабай эле, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБ тергөөчүсү Бактыяр Эрменовдун кылтагына илинип калып, анын айынан жапа чегип, материалдык жана моралдык зыян тартып олтурганымды айтайын дедим. Кыргызстанга менден башка ишкерлер, инвесторлор келсе, мен көргөн күндү көрбөсүн жана төмөндө мен айтып бере турган тергөөчү мыйзамсыз иштери үчүн өз жазасын алып, сабак болсун деген максатта ушул “ПолитКлиника” гезити аркылуу кайрылып олтурам.

Мен Кыргызстанга 2014-жылы келип, Байтик баатыр көчөсүндө текстиль продукцияларын сатуучу дүкөн ачкам. Дүкөндү эки жылдай, 2016-жылдын апрель айына чейин иштеттим. Андан кийин “Карделен” аттуу кафени ижарага иштете баштадым. Эки жарым айдан кийин “Карделен” кафесинин ээси Абит Умар “кафени ижарага бербейм” дегенинен  кызматкерлерге айлык акыдагы карыздарды төлөп берип, ал жактан жумуштан кеткен болчумун.

Андан бир айдан кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБинин тергөөчүсү Бактыяр Эрменов (азыр башка рай. ИИБде) Кыргызстанда иштеген түрк жарандары Кенан Бол менен Ильхан Гөл менин үстүмөн арыз түшкөндүгүнө байланыштуу милициянын тобунун коштоосунда үйүмө келишти. Милиция кызматкерлери мени коркунучтуу кылмышкерди кармагансып коркутушту. Жашаган үйүмө 2016-жылдын 12-апрелинде кечки саат 10до такылдата башташты. Чоочун кишилерге эшикти ачпай, үй комитетинин башчысын, Түрк элчилигинен киши чакырттым. Алардын “эшикти ач”  дегенинен улам түнкү саат  2де эшикти ачууга аргасыз болдум. Таңкы саат 4кө чейин мени тергөөчү суракка алды. Милиция кызматкерлери, анын ичинде тергөөчү Бактыяр Эрменов, эч кандай документи жок эле үйүмдү тинтип, менин түрк жараны экенимди тастыктаган паспортумду алып кетти. Булардын мыйзамсыз аракетине менин кошуналарым, үй комитетинин башчысы күбө.

Эртеси мен Биринчи Май ИИБине өзүм бардым. Тергөөчү Бактыяр Эрменов “Кенан Бол менен Ильхан Гөл 9 миң доллар карызын сурап жатат, ошону төлөбөсөң түрмөгө олтуруп каласың” деп дагы коркута баштады. Мен Кенан Бол менен Ильхан Гөлгө эч кандай акча карыз эмес болчумун. Тергөөчү Эрменов менин үстүмөн дагы кафенин администратору Айдай, анын агасы Жандар, баш-аягы 7 адамдын менден акча аласасы бар деген арыздары менен тааныштырды. Ал эми дагы бир кишиге “18 миң АКШ доллары карыз экенсиң” дегенде, ошол түрк жаранына ачуум келгенде, тергөөчү аны чыгарып жиберди. Кийин ал жаранды таптакыр таппай калдым.

Тергөөчү Бактыяр Эрменовдун кысымынан кийин мен 2016-жылдын 8-апрелинен 2016-жылдын 19-июлуна чейин баш-аягы 20 миң АКШ долларына жакын чыгаша болдум. Бул мезгил аралыгында тергөөчү Б. Эрменов ИИМ кызматында иштебей да калган учурлары болду.

Ал эми менин үстүмөн “акча карыз имиш” деп арыз жазышты деген кишилер тууралуу айта кетейин: Алардын бири—Жандар. Мен Кыргызстанга келгенден бир жылдан кийин аны менен таанышып, жакшы мамиледе элем. Өзү менде иштеген эмес, бирок карындашы Айдайды кассир-администратор кылып менин командама жумушка орноштурган. Анын айлык акысын толугу менен төлөп бергем. Кийинки—менин үстүмөн арыз жазышты деген түрк жарандары Кенан Бол менен Ильхан Гөлдү да ошол Жандар ашпозчулукка жумушка ал деп алып келген. Мен аларды бир ай сыноо мөөнөтү менен жумушка кабыл алгам. Бул эки жаран “Карделен” кафесин менден ижарага алабыз деп жүрүшкөн. Кафеге жабдуу сатып алуу үчүн Кенан Бол менен Ильхан Гөл мага 2750 доллар беришкен. Бирок кафенин ээси менен маселем чечилбей, алар тамактануучу жайды ижарага албай калышкан. Бирок  жогоруда аталган акчасын буларга бөлүп-бөлүп, ал тургай ашыгыраагы менен төлөп кутулган болчумун.

Бирок тергөөчү Бактыяр Эрменов  “94-берене менен 8 жылга соттолуп кетесиң” деп коркутканынан, ал айткан акчаларды четинен төлөп берип жаттым. Бөөдө камалып кетпейин деп айлам кеткенде Түркиядан атамдан акча алып турдум. Тергөөчү Эрменовду баягы менин эски “досум” Жандар дайыма жандап жүрдү. Төлөгөн акчаларымдын ичинде Бактыяр Эрменов 1500 долларды Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБ кызматкерлеринин сауна акысына, 3 миң долларды Биринчи Май районунун прокуроруна кылмыш ишин жабуу үчүн бергин деди. 1200 долларды тергөөчү Эрменовдун жеке чыгымдары үчүн төлөдүм. 9 миң долларды Кенан Болго карыз эмес болсом да бердим.

Кыргызстандагы менин визам 2016-жылдын 4-майында аягына чыккан. Бирок паспортумду тергөөчү Эрменов алып коюп, чек арадан да ал тергөөчү өзү өткөрдү. Ал эми КР чек ара кызматына менин атыма кароол баракчасын коюп койгон. Эрменов болсо мени Кыргызстанга келүүгө тыюу салынган деп айтты. Менин Кыргызстанда үй-бүлөм, үй-жайым, бизнесим, баары калды. Азыр мен Казакстанда баш калкалап жүрөм. Бирок тергөө органдары, УКМК бул ишти аягына чыгарат деген ишеним менен, мага окшогон ишкерлерге сабак болсун деген максатта ушул ишти аягына чыгарууга бел байладым.  Иш жасап жүрүп Кыргызстанга 120 миң доллардай салык төлөдүм.  Бирок мага түрк жарандары бизге акча карыз болчу деп арыз жазды деп эле коркутуп, ишимди, тагдырымды талкалап салууга тергөөчүгө боло береби? “Арыз жазды” деген жарандардын арыздары да мыйзамдуу түрдө тастыкталбай жатат. Эгер менин түрк жарандары менен кандайдыр каржылык маселем болгон күндө да мыйзамдуу жолдор, аракеттер менен иш алып барууга неге болбосун?

Кыргызстанга инвестор чакыруунун ордуна ишкерлерди, инвесторлорду ушундай кылып кордой беришеби? Келген инвесторлорду кайсы бир тергөөчү эле мыйзамсыз аракет менен качыра береби? Мага жасагандай мамиле жасашса, Кыргызстанга чет өлкөлүк ишкерлер, инвесторлор келеби? Мен ушул ишти аягына чыгарып берет деп Кыргызстандын президенти сизге, прокуратура органдарына, УКМКга кайрылып жатам. Тез аранын ичинде бир жыйынтык чыгарып, акыйкаттуулукту орнотууга салым кошот деп терең ишенем. Кыргызстанда чет элдик ишкерлер, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлүп, мыйзамдуу иш-аракеттер жасалат деп ишенем.

Алтан Жанберк Созер, Түркия жараны 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: