Menu

Боспиекте Аксы окуясынын 15 жылдыгы эскерилди

Бөлүшүү:

17-мартта Боспиекте каргашалуу Аксы окуясынын 15 жылдыгына арналган эскерүү митингиси болуп өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

2002-жылдын 16-17 март күндөрү башталган Аксы окуясы Кыргызстандагы демократиянын башаты катары карапайым элдин ошол кездеги үй-бүлөлүк, кландык кылмыштуу бийликке өз талаптары менен ачык каршы чыгышкан. Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетиши элдин ачык кыжырдануусун туудурган. Ошол каргашалуу Аксы окуясында адилеттүүлүк менен эркиндик үчүн өз өмүрлөрүн берген аксылык мекенчил эр-азаматтар: Эркиналы Четинбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүмбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин жана ошол коогалаңдуу мезгилде Аксылыктарды ачык колдоп, ачкачылык жарыялап каза тапкан Шералы Назаркуловду алардын жакындары жана тууган-уруктары, Аксы районунун эли менен коомчулугу таң заарынан Боспиекке келишип, алардын эстелигине гүлдөрдү коюп жатышты.

Мындан 15 жыл илгери ошол каргашалуу окуяда денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан Кербен шаарынын тургуну Атамырза Токтоматов, Жерге-Тал айылынан Самаган Мурзабеков, Кара-Жыгач айылынын тургуну Бекболсун Чекиров жана Кербен шаарынын жашоочусу Бектемир Жуманалиев Боспиектеги Шейиттер мазарына алгачкылардан болуп келишти. Ал эми ошол каргашалуу окуяда бир боору, 1957-жылы туулган агасы Сатымбай Үркүмбаевден ажыраган Бүбүсара Үркүнбаева 15- ирет көзүнө жаш алып, агасын сыздап эскерип олтурду.

– Агамдын артында чырактай болгон беш баласы калды. Акем үч уул, эки кызды тарбиялап жаткан болчу. Апам уулунун азабын көтөрө албай бул дүйнө менен тез эле коштошуп кете берди. Арман дүйнө, агам уулдарынын үйлөнгөнүн, кыздарынын турмушка чыккандарын көрбөй калды. Неберелеринин таттуу балдай ширин күлкүлөрүн укпай калды. Үй-бүлөдө атанын орду башкача экендигин өз башымдан өткөрүп сездим,- дейт 55 жаштагы Бүбүсара Үркүмбаева көзүнөн аккан жашын арчып жатып.

Эртең мененки саат 10до КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КРнын Президенттик администрациясынын аппаратынын башчысы Сапар Исаков, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жетекчилер Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Аксы окуясынын 15-жылдыгына арналган эскерүү митингисин КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ачты. Алгач каргашалуу Аксы окуясында шейит кеткендердин жаркын элесине арналып, куран түшүрүлдү.

Аксы окуясынын 15 жылдыгын эскерүү митингисинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Аксы элине Кайрылуусун КРнын Президенттик администрациясынын аппарат башчысы Сапар Исаков окуп берди.

–  Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүңгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенинин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан бери “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр  көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март – 2005 жана – Апрель 2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон,- деп айтылат Кайрылууда.

Эскерүү митингисинде КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Аксы элине жана ошол каргашалуу окуяда каза болушкан эр-азаматтардын эрдигин дагы бир ирет эскерип, алардын жакындарына көңүл айтуу менен өлкөдө жасалып жаткан реформаларга токтолуп кетти.

Аксы окуясынын катышуучусу Максатбек Момункулов бийлик башчыларынан каза болгондор менен  жабыркагандарды кабыл алуу өтүнүчүн билдирди. Ушул күнү Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен Аксы райондук мамлекеттик администрациясында жолукту. Жолугушууга келгендер бир катар социалдык маселелерди чечип берүүнү, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү суранып кетишти. Премьер-министр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовго милдеттендирди. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча КРнын Саламаттыкты сактоо министрине тапшырма берди.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык жана КРнын  17-март – Аксы окуясынын күнү, ал эми 24-март – Элдик революция күнү катары белгиленүүчү атайын даталуу күндөр болуп калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: