Кыргызстанда 270 адам таажывирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 32си медициналык кызматкерлер.
Бүгүн, 8-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, таажывирусун жуктуруп алган 32 медициналык кызматкердин 15и Ош шаарындагы “Кардио Азия” ооруканасында, калган 17си Жалал-Абад облустук ооруканасында, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Ала-Бука районундагы жана Ноокат районундагы ооруканада дарыланып жатышат.
Алардын айтымы боюнча, алардын абалы канаттандырарлык. Дарыгерлердин көзөмөлүндө, симптоматикалык терапия менен дарыланып жатышат.
Буга чейин 19 дарыгер таажывирусун жуктуруп алганы белгилүү болгон, эми аларга дагы 13 кызматкер кошулуп, өлкө боюнча алардын жалпы саны 32ге жетти.
– Бишкек шаары – 4,
– Ош облусунда – 20,
– Жалал-Абад облусунда – 7,
-Баткен облусунда – 1.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ