Menu

«Центерра Голд Инк» компаниясы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын кабарлады

Бөлүшүү:

2016-жылдын 31-майында Кыргыз өкмөтүнүн дарегине «Центерра Голд Инк» компаниясынын юридикалык кеңешчиси – «Саливан энд Кромвель» юридикалык компаниясынан кат келип түшкөн, анда ал «Центерранын» атынан Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитражга берүү ниети тууралуу кабарлаган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Катта канадалык тараптын мамлекеттик органдардын экологиялык талаптары, кенди пайдалануу планын жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ошондой эле башка укук коргоо органдарынын «Кумтор Голд Компани» ЖАКка карата аракеттери боюнча келип чыккан маселелер жана талаштар боюнча жүйөлөрү келтирилген.

Жогорудагы катка өкмөттүн берген жообунда: “Курчап турган чөйрөнү коргоо маселеси дүйнөдөгү ар бир өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыт катары саналат жана ошол бойдон кала берет. Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү жаратылыш тутумун сактоо шартында гана камсыздалышы мүмкүн.

Ар бир мамлекетте экологияга байланышкан маселелер курчап турган чөйрөнү коргоонун эл аралык деңгээлде кабыл алынган принциптерине негизделген улуттук мыйзам чыгаруу аркылуу жөнгө салынат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын соттук доосу 2013-жылы экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча аныкталган фактыларынын негизинде жөнөтүлгөн. Ал убакыттан бери доолор бекитилген тартипте республиканын соттук органдарында каралууда.

Мындан мурда  «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт тараптан экологиялык соттук талашты сотко чейин жөнгө салуу аракеттери болгон. Бирок канадалык тарап менен консенсуска келүү мүмкүн болгон жок жана мунун өзү сүйлөшүүлөр процессинин натыйжасыз жыйынтыкталышынын себептеринин бири болду.

Ошол эле учурда «КГК» ЖАК мамлекеттик органдардын экологиялык мыйзамдардын бузулушун жоюу боюнча эскертүүлөрүн этибар алган жок, ал эми «Центерра Голд Инк» компаниясынын аталган маселеге кызыгуусу байкалбайт.

Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары да мыйзам тарабынан орнотулган ыйгарым укуктарынын алкагында аракеттенүүдө. Иликтөө иш-чаралары уланууда жана кандайдыр-бир укуктук баа берүү иликтөөлөр толук жыйынтыкталган соң гана болушу мүмкүн.

Учурда өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитражга берүү ниети тууралуу кабарламага негизделген «Центерра Голд Инк» компаниясынын доолорун тыкыр иликтөөдө. Өкмөт келерки кадамдарын ар тараптуу укуктук талдоонун жыйынтыктарынын негизинде маалымдайт.

Буга катар «Центерра Голд Инк» компаниясы компаниянын жалпы акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн талаштуу маселелерди чечүү боюнча пикир алмашуу максатында кеңешмелерди өткөрүү мүмкүндүгүн жана ага даяр экендигин жокко чыгарбайт.

Өз кезегинде Кыргыз өкмөтү да конструктивдүү баарлашуу жүргүзүлүүсүн жактайт.

Кыргыз тарап да «Центерранын» башка акционерлери сыяктуу эле финансылык ачыктыктын, учурдагы жана келечектеги экологиялык жана тоо-техникалык маселелердин комплекстүү чечилүүсүнүн негизинде «Кумтөр» долбоорунун туруктуу жана натыйжалуу иш алып баруусуна терең кызыкдар.

Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» долбоорун мындан ары ишке ашыруу тууралуу чечим кабыл алууда ачык-айкын иш алып барат, баардык өкмөттүк чечимдер жана аракеттер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында жүргүзүлөт”, – деп айтылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: