Коронавирусту жуктуруп алган Сузак районунун 3 тургунун абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө алардын абалы канаттандырарлык. Кимдин дене табы жогору (38,5) болсо, симптоматикалык, антибиотикалык дарылоодон өтүп жатышат. Бишкектеги Республикадык жугуштуу оорулар ооруканасынан ал жакка консультация берилип турат.
Белгилей кетсек, 18-мартта Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус аныкталганы маалым болгон. Үчөө тең Жалал-Абад облусунун Сузак районун тургундары. Алар Сауд Арабияга умрага барып, 12-мартта кайтып келишкен.
Коронавирус табылган Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ