Кечээ, 17-апрель күнү Стамбулдан Бишкекке чартердик каттам менен Кыргызстандын 211 жараны учуп келишти.
Ал чартердик каттамдын уюштурулушу боюнча Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жергиликтүү ММКлардын бирине берген маегин кыскартып, кыргызчалап беребиз.
– Кыргызстандын Түркиядагы жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
– 10-апрелде өткөн Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин өлкө башчыларынын видео-конференция форматындагы саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков бардык өлкө башчыларына кайрылуу жасап, тараптар өз өлкөлөрүнүн аймагында калып калышкан, коронавирус пандемиясына жана регулярдуу аба каттамдары токтогондугуна байланыштуу өз мекендерине келүү мүмкүнчүлүгү жок жарандарды өз ара колдоого чакырган. Саммиттин жыйынтыгы боюнча түрк тарап бир туугандык биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп, Түркияда калган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча колдоо көрсөттү.
17-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин, Кыргыз өкмөтүнүн, Түрк бийлигинин жана “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын 211 жаранын Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен учура алдык. Авиабилеттин ар бир жүргүнчүгө баасы 187 евродон туура келди.
-Кыргызстандын Түркиядагы жарандарынын 17-апрелде мекенине кайтып келишин уюштурууга бул маселенин КР Жогорку Кеңеште талкууга алынышы жана Кыргызстан менен Түркиянын тышки иштер министрлеринин видеоконференциясы, ошондой эле кайсы бир партиялардын жана кыймылдардын таасири болдубу?
-Жок, кымындай да таасири болгон жок. Мен жогоруда белгилегендей, биздин 211 жаранды мекенине кайтаруу маселеси эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин элчилик, генералдык консулдук жана “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын аракеттери менен ишке ашырылды.
Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg
Эске сала кетсек, кечээ, 17-апрелде Түркиядан 211 жарандын учуп келишине депутаттар Исхак Пирматов, Наталья Никитенко жана “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдакматовдун аракеттери таасир берди дегендер да бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ